Аламүдүндө шаркыратмага кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жарандар бүгүн табылды
Новость www

POST1RIGHT

Чүйдөгү Аламүдүн районунда шаркыратмага кеткен бойдон жоголгон 18 жаштагы эс алуучулар куткаруучулар тарабынан табылды. ӨКМ билдиргендей, учурда алардын абалы канааттандырарлык. 

Кечээ, 5-мартта саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын 2 тургуну – 1998-жылы туулган А.А. жана 1998-жылы туулган И.Т. эс алуучу жайдын (Теплые ключи) аймагындагы шаркыратмага чыгып кетишкен. Алар ошол бойдон кайтып келишкен эмес.

Алардын ата-энесинин кайрылуусунун негизинде издөө иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн, 6-март күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жөнөтүлгөн. Саат 07:40 чамасында жоголгон эки жаран куткаруучулар тарабынан табылды.