Белгилүү орусиялык актёр жана режиссёр, СССРдин Эл артисти Олег Табаков 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул маалыматты орусиялык басылмалар жарыялады. Ал узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Олег Табаков 1935-жылы төрөлгөн. Ал "Война и мир", "Семнадцать мгновений весны", "Двенадцать стульев" тасмаларындагы ролдору менен таанымал болгон. Ошондой эле актёр бир катар спектаклдерде мыкты образдарды жараткан.