Борбор Азия мейкиндигине кирген беш мамлекеттин башчыларынын жыйыны өттү
Новость Султан Досалиев

Борбор Азия мейкиндигине кирген беш мамлекеттин лидерлери биринчи жолу кеңешүүчү жыйынга чогулушту. Өлкө башчыларынын жолугушуусу бүгүн Казакстандын борбору Астанада өтүп, ага Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери, Түркмөнстандан парламент спикери катышты. POST1RIGHT

Өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков бул жыйын Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы достук мамилени мындан ары өрчүтүп, элдин бири-бирине жакындашуусуна шарт түзөрүн баса белгиледи. 

Номур биринчи борт Астана шаарына түш оой келип конду. Эл аралык аэропортто Сооронбай Жээнбековду Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды.

 Мамлекет башчыларынын жыйынына чейин Кыргызстан жана Казакстандын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Нурсултан Назарбаев кыргыз президентин жылуу тосуп алып, Борбор Азия Мамлекет башчыларынын консультациялык жолугушуусунда көп иштер жасаларына үмүт артарын билдирди. Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президентине чакыруусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу талкуулай турган бир катар маселелерге токтолуп, ал эми Борбор Азия Мамлекет башчыларынын кеңешүүчү жолугушуусун тарыхый окуя деп атады. 

Мындай форматтагы жолугушууга Борбор азия мамлекеттеринин жетекчилери көп жылдардан бери биринчи жолу чогулуп отурат. Коңшулаш элдин биринчиден терең тарыхый байланыштары бар, маданият, каада салт, диний жактан да окшоштуктары талкуулай турган көп маселенин башаты экени шексиз. Өлкө башчылары достук, тынчтык жана жаңылануунун белгиси болгон Нооруз майрамынын алдында чогулуп жатышканы да бекеринен эмес.