Оруссиянын Ростов-на-Дону шаарында учак кырсыка кабылып 62 адам набыт болду. Алардын 55и жүргүнчү болсо 7өө экипаж курамындагылар. Каза болгондордун арасында Кыргызстандын бир жараны болгондугу аныкталууда.
Боинг-737-800 учагы Дубайдан учуп келе жаткан. Кырсык учактын техникалык жактан начардыгынан жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам болгондугу болжолдонууда. Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаева Оруссия Президентине көңүл айтты.