Бишкекте жолдо жүрүү эрежесин бузган жөө адамдарга айып пул салынат
Новость www

POST1RIGHT

Мындан ары Бишкекте жолдун туура эмес жеринен өткөндөргө эскертүүсүз айып пул салынат. Жол эрежесин бузган жөө адамдар эми паспортум жанымда жок болчу деп кутулуп кете албайт. 

Жанында ким экенин аныктай турчу документтери жок кишилер жакынкы милиция бөлүмүнө алып келинет да жазага тартылат. Ага ылайык 500 өлчөмүндө айып пул салынат же коомдук иштерге тартылат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Илгиз Жамалбеков,"Биринчи радио"