Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү
Новость

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү. Буга байланыштуу КТРКнын “Кыргыз радиосу” поэзия кечесин уюштурууда. Ага бийлик өкүлдөрү, акындар, маданият ишмерлери чакырылган. Ошондой эле ыр сүйгөн баардык жарандар катыша алышат. Иш-чара саат тогузда башталат. 

Бүткүл дүйнөлүк поэзия майрамы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени дал ушул дата улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү менен далкелет. Чолпон-Ата шаарында кечээ залкардын урматына анын айкели тургузулду.