POST1RIGHT
Бишкектеги “Караван” соода борборунун ижарачылары имараттын сатылышына каршы. Мындай болгон учурда жылына 70 миллион сом мамлекетке которулуп жаткан каражат, жалгыз олигархтын чөнтөгүнө ооп, жаңы кожоюн ижара акысын көтөрүп жибериши ыктымал деп чочушууда.
Мамлекеттик мүлк фонду алардын кооптонуусуна негиз жок деп билдиришти. Соода борбору 2018–2020-жылдарда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына киргизилгенин, учурда Өкмөттүн Аппаратынын кароосунда экенин айтышууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"