Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Новость KTRK/videograp

Ордо калаада оңдоо иштерине байланыштуу айрым борбордук көчөлөрдүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдашкандай, оңдоо иштери 22-марттан тарта башталды. Көчөлөрдү оңдоонун жүрүшүндө жолдордун бордюрлары, тротуарлар, аялдамалар жана жол белгилери жакшыртылат. Билдирүүгө караганда төмөнкү көчөлөр дээрлик жайдын орто ченине дейре жабык болот:

- Термечиков көчөсүнүн Лев Толстойдон - Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү 5-июлга чейин жабылды.

- Жибек Жолу проспектиси Манас проспектисинен - Тоголок Молдо көчөсүнө чейин 23-апрелге дейре жабык болот;

— Салиев көчөсү Лермонтовдон - Калинин көчөсүнө чейинки бөлүгү 15-июлга чейин жабылат;

— Москва көчөсү Сүйүнбаевден - Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү 10-майга чейин жабылды;

— Ахунбаев көчөсү Садырбаевден (мурдагы Баха) - Тыналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү 1-майга чейин жабык болот.