«МММ» каржы пирамидасынын негидөөчүсү Сергей Мавроди дүйнө салды
Новость www

POST1RIGHT

Орусияда «МММ» каржы пирамидасынын түптөөчүсү Сергей Мавроди каза болду. 63 жаштагы Мавродинин жүрөгү кармаганы айтылууда. 

1990-жылдардын ортосунда ал Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, 1996-жылы шайлоонун алдында мандатынан ажыратылып, каржы пирамидасы аркылуу көз боёмочулук кылган деп айыпталган. Ал 2003-жылы камалып, сот процесси төрт жылга созулуп, төрт жарым жылга эркинен ажыратылган. 10 миңден ашуун киши анын “каржы пирамидасынан” жабыркаганы аныкталган. 

Сергей Мавроди бир нече китеп чыгарып, киного жана сериалдарга сценарий жазган. Ал ошондой эле кийин “МММ” акционердик коомунун ишин Африкада жандантып, Украинада ушундай аталышта саясий партия түзгөн. 18-мартта Орусияда өткөн президенттик шайлоого катышуу ниетин да билдирген эле.