"Он сегиз жаштын" автору Кемел Бакашов дүйнө салды
Новость KTRK/videograp

Кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурады. Белгилүү акын, журналист жана агартуучу Кемел Бакашов 82 жашында дүйнө салды. Өрнөктүү өмүр сүргөн акындын калемине таандык сүйүүнүн, жаштыктын гимнине айланган “Он сегиз жаш” деген ыры бүгүнкү күнгө чейин улам жаңырып, эл арасында ырдалып жүрөт. POST1RIGHT


Ал эми өлкөбүздүн жаратылышынын кайталангыс кооздугун даңктаган “Кыргыз жери” ыры Италиянын “Ла Скала” опера театрында жаңырган. 


Орошон таланты менен “элеттик акын” деген бийик атка татыган Кемел Бакашов өмүр, махабат, мекенге болгон сүйүү өңдүү темаларга кайрылып, кыргыз поэзиясында өзүнүн татыктуу ордун тапты. Адабияттын алтын казынасын байытып, өрнөк катары түбөлүктүү чыгармаларды калтырды. 


Акындын калемине таандык, обону жердеши Аксуубай Атабаевдин “Он сегиз жаш” деген ыры сүйүүнүн жана жаштыктын гимни катары элдик ырга айланды. Биринчи жолу 1966-жылы Зейнеп Шакееванын аткаруусунда жаңырган “Он сегиз жаш” элүү жылдан ашык убакыт өтсө да улам кайра жаңырып, хит ырлардын катарында.