Бишкекте биринчи жолу толугу менен автономдуу делген көп кабаттуу үй салынды
Новость KTRK/videograp

Бишкекте биринчи жолу толугу менен автономдуу делген көп кабаттуу үй салынды. Анда энергиянын альтернативдүү булактары колдонулуп, ал шаардык инфраструктурадан көз каранды эмес. Кыргызстанда энергиянын кошумча булактарын пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин адистер билдирет. 


"Табият менен таттуу мамиледе болуу" деп Манас атабыздын осуяттарынын биринде айтылган. Заманбап технологиялар күндөн күнгө өнүгүп, адамдардын жаратылышка тийгизген терс таасири да күчөп барат.

Күндүн энергиясын гана пайдаланбастан, мында жылуулук насостору от-казандарга кошумча кубаттуулук берип турат. Абага эч кандай зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпайт. Демек, мындай көп кабаттуу үйдү "жашыл курулуш" деп да айта алабыз. Бирок мындай технологияларды кеңири пайдаланууга киргизүү көптөгөн каражаттарды талап кылат.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда энергиянын альтернативдүү булактары боюнча дарамети арбын. Мисалы, Шамалды-Сай, Алай, Сусамыр, Барскоон сыяктуу жерлерге шамалды пайдаланып энергетикалык борборлорду орнотсо болот. Бул жергиликтүү калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын 5-7%га жабат. Айыл чарба жерлерин кошумча сугаруу менен камсыздайт. Мындан сырткары күндүн нуру жана кичи дарыялар аркылуу энергиянын кубаттулугун алсак болот.