Борбордо тойдон 38 адам ууланды
Новость www.

POST1RIGHT

Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулардын клиникасына ресторандардын биринде ууланган 38 киши жаткырылган. Алардын жетөө балдар. 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ош, Ысык-Көл, Нарындан 190 киши ресторанга тойго келип, алардын 38и ууланган. Бейтаптардан керектүү анализдер алынып, тамактануучу жайды текшерүү иштери жүрүүдө. 

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызмат иликтөө баштады.