Базар-Коргон: №9 Жалал Асанов атындагы орто мектептин жатаканасы жаңыланды
Новость KTRK/videograp

Базар-Коргон районундагы №9 Жалал Асанов атындагы орто мектептин жатаканасы жаңы курулуп, ачылыш аземи болуп өттү. Буга чейинки жатакана эскирип, 20 жыл мур эле пайдалануудан чыккан экен. Жаңы курулган жатакана заманбап эмерек жабдуулары менен камсыз болгон. 


Сейдукум айыл өкмөтүндөгү №9 Жалал Асанов атындагы орто мектеп, 1960 жылдарга чейин 30-40 орундан турган Кызыл-Ай жатак мектеп интернаты болгон. Кийинчерээк мектеп жатканасынын имараты эскирип, пайдалануудан чыгып, балдар мында жатып билим албай калганына көп эле жыл болгон. 


Аталган билим уя кайрадан эле жатак мектепке айланды. Ага себеп балдар үчүн жаңы 100 орунга жакын жатакана имараты курулду. Жаңы имарат айыл өкмөттүн, айыл элинин жана чет мамлекеттик демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 25 миллион сомго курулду.

Мектеп директорунун айтымында, алыстан келип-кетип билим алган балдар үчүн жатып окуганы жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан сырткары социалдык колдоого муктаж үй-бүлөрдүн балдары биринчи кезекте жатаканага жайгаштырылат.