POST1RIGHT
Эл ташыган чакан автобустардын жол кире акысы 15 сомго көтөрүлсө, чөнтөгүбүз чак келбейт. Мындай басымдуу пикир шаар тургундарын сурамжылоонун жүрүшүндө белгилүү болду. Эксперттер болсо кичи автобуска калктын айлыктан тышкары кирешеси жок орто катмары түшөөрүн белгилеп, жол кире көтөрүлсө башка да социалдык талаптар күчөйт деп кооптонушат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"