Чет элдик жарандарга балдарды мыйзамсыз асыроого бергендерге кылмыш иши козголду
Новость KTRK/videograp

Башкы прокуратура Чүй облусундагы мектеп-интернаттын балдарын чет элдик жарандарга мыйзамсыз берүү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Териштирүүдөгү материалдар мындан аркы тергөө үчүн Улуттук коопсуздук кызматына берилди. 


Чүй облусундагы мектеп-интернатта тарбияланган 9 жана 11 жаштагы өспүрүмдөр эч кандай уруксат кагазы жок чет өлкөлүк жарандарга берилип кеткен. Балдар тиешелүү кызматкерлердин көзөмөлү жок тааныш эмес чет элдиктер менен Бишкектеги мейманканада бир нече күн жашаган. Окуя январь айында болгонун Башкы прокуратура УКМК менен биргелешкен териштирүүдөн кийин таап чыкты. Аларды Бишкектеги мейманканалардын каттоо бөлүмүндө белгисиз адамдар менен турганын бул тасма далилдеп турат.

Ошол эле учурда өзүбүздүн жарандар дагы интернаттагы балдарды асырап алууга талапкер катары документ тапшырышкан. Бирок балдар аларга эмес башка колго кеткен.  Эки бир тууган кыз 2016-жылдан 2018-жылдын 15-январына чейин Чүй мектеп-интернатында тарбияланган. 

Бир туугандарды асырап алууга Бишкектик үй-бүлө 2017-жылы эле арыз берген. Ушул жылдын 15-январында кыргызстандык Антон Путилин аттуу жаран балдарды убактылуу багып алууга алган. Мекеменин жетекчиси жеткинчектер чын эле чет элдик үй-бүлө менен мейманкада болгонун маалымат каражаттарынан уккан.