"Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматовага тапшырылат. Аталган сыйлык «Ак илбирс» киносыйлыгын тапшыруу аземинин алкагында ыйгарылат.
Жамал Сейдакматова кыргыз театр жана кино дүйнөсүнө кошкон салымы зор. 60 жылдан ашуун бул тармакта эмгектенип келе жаткан залкар инсан учурда "Туңгуч" театрын жетектейт. Жалпы Миң кыял фм радиосунун жамааты ийгилик каалап, сыйлыгыңыз кут болсун демекчибиз.