Баарыбыз билген “Титаник” кемесинде жазылган кат аукционго коюлду. Катта кеме жаңы эле деңизге чыкканы жана андагы жашоо тууралуу баяндалган.
Аны 1912-жылдын 12-апрелинде 2-класстын окуучусу Кейт Басс аттуу окуучу жазган.
"Атайын бай адамдар үчүн арналган бөлмөлөрдүн кооздугу укмуштуудай керемет. Менин бөлмөмдөгү коңшум азырынча келе элек. Ошондуктан бүгүн эки чиркөө кызматкерлери болуп, үчөөбүз түштөндүк. Катты бүгүн эле жөнөтүп коёюн. Анткени эртең деңиз оорусу менен ооруп калышым мүмкүн", - деп жазылган.
Аман калган Кейт Басс 1972-жылы 96 жаш курагында көз жумган. Анын катын ушул убакытка чейин жакындары сактап келген. Каттын аукциондогу биринчи баасы 30 миң доллар деп коюлган.