Электрондук өз ара кызматташуу борбору түзүлдү. Буга байланыштуу токтомго Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Мындай борбор мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «Түндүк» тутумунун алкагында мекемелер аралык электрондук өз ара натыйжалуу кызматташууну киргизүү максатында түзүлгөн.
Түзүлгөн борбор мекемелер аралык электрондук өз-ара кызматташуу тутумунун оператору болот. Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөткөн, же аны көрсөтүүгө катышы бар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар ведомство аралык электрондук өз-ара кызматташуу тутуму аркылуу маалымат алмашуу мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү.
Борбор мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик маалыматтык тутум администраторлоруна уюштуруучулук жана методологиялык колдоо көрсөтөт.