Улуттук госпитал 140 жылдык мааракесин белгилөөдө
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Быйыл Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпитал 140 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Саамалыктын алкагында борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадионунда спорттук мелдештер уюштурулду. Иш-чаранын ачылышына Саламаттыкты сактоо министри баштаган, шаар мэринин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана медициналык тармакта иштеген кызматкерлер катышты. 

Анда Улуттук госпиталда эмгектенген кызматкерлер командаларга бөлүнүп, кол күрөш, аркан тартыш жана 500 метр аралыкка чуркоо менен коомчулукка дагы бир ирет спорт менен машыгуу дени сак жашоонун бирден-бир булагы экенин эскертишти. Мааракенин алкагында алдыда илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп, күз айлардында бир катар ири иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.