Чу дарыясынын жээгине 5000ден ашык бак-дарак отургузулду
Новость www

POST1RIGHT

Токмок шаарынын Чу дарыясынын жээгине  5000ден  ашык  бак-дарак отургузулду.  Иш-чара  “Таза жашоо” программасынын алкагында   өткөрүлдү.  Эскерте кетсек эки өлкөнүн Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда аккан суунун нугу Чу суусунун жээгин жеп кеткен. 

Натыйжада, 1000 гектарга жакын айыл чарба багытындагы жер жараксыз абалга келген.  Бүгүнкү күндө өлкө жарандары  Чүй суусунун жээгиндеги жерлерди эрозиядан, суунун жеп кетишин коргоо иштери жана жашылдандыруу ишин баштады. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.     

Алина Абасова, "Биринчи радио"