Бириккен Араб эмирлигинен Бишкекке 64 шумкар алып келинди
Новость KTRK/videograp

Бириккен Араб эмирлигинен Бишкекке 64 шумкар алып келинди. Дубайдын бийлиги аларды жаратылыш шарты ылайыктуу деп Кыргызстанда байырлатууну туура көргөн. 

Аптаптуу араб өлкөсүнөн баалуу канаттууларды бир нече адам коштоп келди. Шумкарлардын жей турган жандыктары да бар.

Бул Кыргызстанда жоголуп бара жаткан канаттуу катары кызыл китепке киргизилген. Дубайдын мураскор ханзаадасы берип жиберген шумкарлар Кыргызстанга баалуу белек болду. Буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинен 192 ителги алып келинип, “Мурас” борборуна тапшырылган. Аталган өлкө аларды багууга ыңгайлуу жабдууларды кошо тапшырган болчу.