Нарын шаарында "Таза шаар үчүн" деген акциянын негизинде Нарын мамлекеттик университетинин студенттери таштандыларды тазалап чыгышты.
Мындай маалыматты "Элдик репортер" рубрикасына иш-чарага катышкан студенттердин бири жөнөткөн.
Алар жергиликтүү тургундарга жакшы маанай тартулоо жана чакырык үчүн таштанды төгулө турган контейнерлерге атайын күлкүлүү сүрөттөрдү тартып чыгышкан. Бирок айрым тургундарга мындай чакырык жакпай калганбы, ал сүрөттөрдү өчүрүүгө да аркет кылышкан.


