Бишкек шаарынын төрт жаңы конушу көгүлтүр от менен камсыз болду
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Ушул жылы Бишкек шаарынын төрт жаңы конушуна, Чүй облусундагы Токмок, Кант шаарлары жана Сокулук айылына газ түтүктөрү толук орнотулуп, керектөөчүлөр көгүлтүр от менен камсыз болушат. Бул тууралуу “Газпром-Кыргызстан” компаниясынын 2017-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгы жана 2018-жылдарга карата пландар тууралуу өткөн маалымат жыйында белгилүү болду. 

Компания жетекчилери мындан сырткары “Газпром-Кыргызстандын” социалдык программалары, күйүүчү майлоочу каражаттар менен камсыз кылуу пландары тууралуу айтып беришти.