Короодо өскөн Айгүл гүлү
Новость KTRK/videograp

Жарым кылымдан бери өз короосунда бул гүлдү өстүрүп келген Кара-Булактык Келдибек Балтабаев аны көбөйтүү максатында көрүүчүлөрдөн акы алып баштаган. Антпесе, айрым адамдар келип, гүлдү тепсеп, же, үзүп алышат дейт. POST1RIGHT

Алгач 3 түп Айгүл гүлү 50 жыл аралыгында саны миңден ашкан. Сейрек кездешкен бул гүлгө эч кандай камкордуктун кереги жок, үзүп же сындырбаса эле көбөйө берет дейт айыл тургуну. 


Келдибек Балтабаевдин короосунун бир чети Айгүл гүлү менен толгон. Жашаган үйү Айгүл тоосуна жакын жайгашкандыктан 50 жыл мурда атасы 3 түп Айгүл гүлүн өстүргөн экен.


Учурда гүлдөрдүн саны 1000ден ашкан. Алардын жарымына жакыны учурда гүлүн ачып турат. Ал эми калганы гүлдөө убактысына жете элек. Анткени өсүмдүк уругунан чыкканда 8 жыл дегенде гана гүл ачат.