Америкалык рэп ырчысы Кендрик Ламар "Пулитцер-2018" сыйлыгын алды (видео)
Новость www

Алгачкы ирет "Пулитцер-2018" сыйлыгы рэперге ыйгарылды. Америкалык рэп ырчысы  Кендрик Ламар "Пулитцер-2018" сыйлыгын алды. Хип-хоп жанрындагы ырлардын  аткаруучусу “Эң мыкты музыкалык чыгарма” деген наамга татыган. 

Бул сыйлык биринчи жолу рэп ырчысына берилип жатканы айтылды. Буга чейин бул наам классика жанрында гана ырдаган аткаруучуларга ыйгарылып келген. 

Кендрик Ламарга өткөн жылы башкача айтканда 2017-жылы  жараткан “DAMN “ ырлар жыйнагы үчүн аталган сыйлык ыйгарылды. "Пулитцер" - АКШда адабият, музыка, театр жана журналистика тармагында эмгектенгендерге ыйгарылуучу сыйлык.