Премьер-министр алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү
Новость gov.kg

POST1RIGHT

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлердин жана Өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү. 

Министрлер кабинетинин башчысы Өкмөт Аппаратынын бийликтин аткаруу бутагынын ишиндеги, өлкөнүн жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчө ордун белгиледи. Анын айтымында, Өкмөттүн жаңы курамы мурда бекитилген программаларды ишке ашырууну улантат. 

Абылгазиев вице-премьер-министрлердин жана Өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин астында Өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ошондой эле Өкмөт республиканын мамлекеттик органдарынын ишин координациялап, анын натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролун күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты. 

Аны менен катар Премьер-министр Өкмөттүн жалпы ишмердүүлүгүндө коомчулуктун пикирин эске алып, Президенттин Аппараты жана Жогорку Кеңеш менен тыгыз кызматташуу керектигин билдирди.