POST1RIGHT
Бишкекте диний радикализмге каршы күрөшүү жолдору жана Сирия менен Жакынкы Чыгыштагы учурда түзүлүп жаткан абалды талкууга алган конференция өттү. Бул иш-чараны УКМКнын Терроризмге каршы борбору КРдеги улуттук стратегиялык институттар менен биргелешип уюштурган.
Конференциянын максаты — мамлекеттик органдар менен илимий институттардын Борбор Азиядагы күч органдарынын терроризмге каршы мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, андан сырткары жарандык коом менен биргеликте күч колдонгон эсктремизге каршы күрөшүү механизмдери менен ыкмаларды иштеп чыгуу болуп саналат.
Конференцияга катышкан эксперттер учурдагы мыйзамсыз курал сатуу, баңгизаттарды ташуу жана экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүүдө Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер биргеликте ишалып баруусун белгилешти. Анткени азыркы учурда аймактагы бир өлкөгө болгон коркунуч, бүтүндөй аймакка да терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"