“Миң кыял FM” радиосу шаар тургундарына шаңдуу маанай тартуулады
Новость ktrk.kg

POST1RIGHT

29-апрелде - Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арнап жаштар аллеясында Коомдук телерадиокорпорациянын “Миң кыял FM” радиосу Ленин районунун администрациясы менен биргеликте шаар тургундарына шаңдуу программа уюштурду. 

Маалым болгондой, жыйырмага чукул ырчы, бийчи жана башка чыгармачыл жамааттар чогулган элге жагымдуу маанай тартуулашты. Салтанаттын алкагында кызыктуу викториналар жана оюн-зооктор да болду.

Мындан сырткары, муниципалитеттин өкүлдөрү төрөт үйлөрүн кыдырып, борбор шаардын туулган күнү делген 29-апрелде төрөлгөн ымыркайларга белек тартуулап жатышат.