Бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен өткөрүп жиберишкен
Новость KTRK/videograp

Бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен Кыргызстанга өткөзүп жиберишкени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү тартипте декларациядан өтпөгөн, ар түркүн үлгүдөгү мобилдик телефондор жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааны кармашкан. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө товарларды Бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөл пунктунан текшербестен каттоодон өткөзүп беришкени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.