КР ӨКМнин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 3-май күнү болжол менен 07:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 467-чакырымында “Хонда Степ” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 58 83 AA унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бак сүзгөн.
Жол кырсыгынан 1 эркек киши жабыркап, 3 адам каза болгон.
Жерине КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык №2-издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарышып РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
