“Өлбөс полк” акциясына катышкандардын саны жыл сайын өсүүдө
Новость www

POST1RIGHT

“Өлбөс полк” акциясына катышкандардын саны быйыл мурдагы жылдардан көбүрөөк болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. 

Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүү үчүн жүрүш саат канчада башталаарын, кандай шарттар менен өткөрүлөөрүн сурап кайрылгандар арбын. “Өлбөс полк” 9-май күнү бир катар шаарларда өтөт. Бишкекте эртең мененки саат 10 Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы паркта башталат.