Америкалык жашоочу Жасмин Харрисон быйыл мектепти эң мыкты деген баада аяктап, 100 ашык университетке тапшырган. Жыйынтыгында 113 окуу жайга өтүп кетип, үй-бүлөсүн кубандырды.
Анткени Харрисон күн-түн дебей окуп, апасы менен биргеликте окуу жайларга интернет аркылуу документ жөнөтүшкөн.
“Алардан жооп келе баштаганда кыйын күндөрдү деле унутуп калдык, чындыгында биз үчүн күтүүсүз болду” - деп билдирген ал. Көп тандоонун бирөөсүндө гана билим алууга ишенген абитуринет эми медицина тармагын тандап, АКШнын Түштүк Каролина штатына караштуу Гринсборо шаарындагы "Беннетт" медицина колледжинде окуйт.