Португалиянын борбору Лиссабондо «Евровидение» Эл аралык ыр конкурсу старт алды.
Конкурстун биринчи жарым финалы бүгүн 8-майда аталган шаардын “Алтис” аянтында болот. Анда 12 конкурсант ыр өнөрүн тартуулайт.
Ал эми экинчи жарым финалда Орусиялык ырчы айым Юлия Самойлова 6-номер менен 10-май күнү ырдап чыгат. Жыйынтыктоочу финалдык бөлүгү 12-майда өтөт.