Оңдоо иштерине байланыштуу айрым коомдук транспорттун багыты өзгөрөт
Новость www

POST1RIGHT

Манас проспектисинин Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыктан, айрым коомдук транспорттун багыты өзгөргөнүн мэрия билдирди. №111, 134, 137, 212 кичи автобустар Чүй проспектиси менен эки тарапка тең каттайт. №167, 186, 184 маршруттук каттамдар жана №22 автобус Исанов көчөсү менен келип Чүй проспектиси аркылуу жүрөт. 

Ал эми кайтып келе жатканда Чүй проспектиси менен келип, Тоголок Молдо аркылуу кетет. Ошондой эле түндүк-чыгышты көздөй №176 жана түштүктү карай №150 кичи автобустар Турусбеков көчөсү менен каттайт.