"Eurovision -2018" ыр сынагында Израиль ийгиликке жетти (видео)
Новость www

"Eurovision -2018" ыр сынагынын финалдык таймашында Израиль ийгиликке жетти. Таймаштын "Хрусталь микрофон" баш байгесине ырчы Нетта татыктуу болду. 

Ал "Toy" ("Оюнчук") деп аталган феминисттик ыры менен катышты. Алдыңкы беш орунга Израилден тышкары Кипр, Австрия, Германия жана Италия кирди. Таймашка башында 43 мамлекеттин ырчылары катыша баштаган. 8-10-майда жарым финалдар өтүп, мыкты дегендер тандалып алынган. 

Жеңүүчүлөр көрөрмандардын онлайн добушу жана калыстардын баасы менен тандалды. "Eurovision" сынагы 1956-жылдан бери уюштурулуп келет. Былтыр португалиялык Сальвадор Собрал уткан. Эрежеге ылайык, кайсы ырчы утса, кийинки сынак ошонун мекенинде уюштурулат. "Eurovision -2018" 12-майда Португалияда өттү.