Кетчуп сүйүүчүсү Эд Ширанга кетчуптан бал муздак даярдалды
Новость www

Британиялык ырчы Эд Ширан кетчупту абдан жакшы көрөт. Мындан улам ал үчүн атайын кетчуптан даярдалган балмуздак даярдалды. Балмуздак Ирландиянын дүкөндөрүнүн биринде жасалды. 

Анткени, дүкөндүн ээси ырчынын жакында Дублин шаарында боло турчу концертинде бекер балмуздактан көрүүчүлөргө даам таттырууга убада берген.  Жашоосунда кетчупту өтө жакшы көргөн Эд Ширан денесине кетчуптан татуировка да жасаткан.