Өлкөнүн сот тармагында толук кандуу реформа жасап, анын ишин жаңы деңгээлге алып чыгуу азыркы учурдун негизги талабы болууда. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.
Акыркы жылдары бул багытта көп жумуштар жасалганы менен анын ыргагы коомчулук күткөндөн жай жүрүп, реформа кечеңдеп кеткен. Азыр калктын талап кылганы да таза, ачык-айкын жана көз карандысыз сот тутумун орнотуу болууда. POST1RIGHT
Бул сот укук реформасы боюнча кеңештин алгачкы жыйыны. Кеңеш президенттин алдында түзүлгөн жана ага өлкө башчысы төрагалык кылат. Ал эми анын мүчөлөрү Жогорку Соттун судьялары, парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурор, президенттин аппаратынын кызматкерлери жана көз карандысыз эксперттер.
Күн тартибине эки маселе киргизилген. Сот тармагындагы реформаны ишке ашыруу боюнча өкмөт көрүп жаткан чаралар жана 2018-2020-жылдар аралыгында сот системасын өнүктүрүү программасынын долбоору. Алды менен сот тармагынын азыркы абалы боюнча президент Сооронбай Жээнбеков баяндама жасады. Өлкө башчынын айтымында, президентке кайрылган жарандардын басымдуу бөлүгү коррупцияга баткан, адилетсиз сотторго карата даттанууда.