Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын чоң залында Ысык-Көлдөн чыккан жети акенин бири Карга Мендегул уулунун 300 жылдыгына арналган кече өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттик аппараттын өкүлдөрү, маданий ишмерлер жана Карга акенин урпактары катышты. POST1RIGHT
Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан айтылуу жети акенин улуусу, эл ичинде акелердин акеси аталган Карга Мендегул уулуна арналган иш-чара ал тууралуу даярдалган прологдон башталды.
Кара кылды как жарган Карга аке 1718-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал бугунун желдең уруусунан чыккан улуу даанышман, кадырман саясий ишмер болгон. MEDIA1LEFT
Алдыны көрө билип, көсөмдүгү менен калкына кадыры өткөн Карга аке - сырткы душмандардын басып алуу коркунучунан эл жерин коргоп калуу үчүн салмактуу салым кошконун тарых айгинелеп турат.
Ал 1813-жылы Орусия менен достук мамиле түзүү максатында элчи жиберүү аракетин көргөн. Ошондой эле Ысык-Көл боюндагы урууларды бириктирүү зарылчылдыгы келип чыкканда Боронбай Меңмурат уулуна башкы манап даражасын ыйгаралы деп демилге көтөргөн.