Онкологиялык борбордун курулушу
Новость www

POST1RIGHT

Эл Военно-Антоновканын жергиликтүү бийлиги тийиштүү органдар менен биргеликте бул маселерди чечип берээрине үмүт артыдуу. Үмүттүн шооласы үзүлбөйт демекчи, залалдуу шишик дартына чалдыккан балдардын ата-энелери дагы курулуп жаткан Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн курулушу бүтөт деген үмүттө. 

Анктени бул медициналык жайдын курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин өкүлдөрү билдирди. Анын башкы себеби долбоорду каржылоо маселесине байланыштуу. Долбоор боюнча Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн жети кабаттуу имараты быйыл сентябрь айынын аягында пайдаланууга берилмек. Курулуш жумуштары болсо 2017-жылы башталган. 

Азыр имараттын төрт кабаты гана көтөрүлдү. Тилекке каршы каржылык маселе чечилбегенине байланыштуу курулуш иштери соңку он күндөн бери токтоп турат. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин өкүлдөрү билдиргендей долбоор боюнча 4 кабаттуу имарат тургузулмак, бирок анын ордуна 7 кабаттуу кылып куруп баштаган. 

Муну менен катар долбоордун сметалык жалпы баасы 601 миллион сом экени тууралуу адегенде кеп болгон эмес. Бул ошондо медициналык жабдуулардын наркын эсепке албаганда. Тактап айтканда республикалык бюджеттин чама-чаркы эсепке алынган эмес-дейт агенттиктин өкүлдөрү. 


2017-жылы борборго республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча 220 миллион сом каралып бул акчалар толук берилген. Ал эми быйылкы жылдын май айына карата 50 миллион сом бөлүнгөн. Саламаттык сактоо министрлиги болсо имараттын пайдаланууга берилишин күтүп турушат жана убактылуу токтоп турган курулуш жакынкы арада жанданаарына ишенет. Себеби борбордун өлкө үчүн мааниси орчундуу. Жыл өткөн сайын шишик илдетине кабылгандардын саны өсүүдө. Өкмөт өкүлдөрү билдиргендей каржы маселеси убакыттын гана иши. Ал эми курулуш жумуштары болсо сөзсүз улантылат.