POST1RIGHT
Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жайларга барып, даярдыктын деңгээлин жеринде текшерген соң айтты. Боронов белгилегендей, алдыдагы мелдеште буга чейин кеткен кемчиликтер жоюлуп, бардык жагдай эске алынат. Кубатбек Боронов оюндар өтүүчү жайлар менен таанышууну Чолпон-Атадагы ат майданды кароодон баштады. Биринчи вице-премъер-министр майдандагы оңдоого тийиш болгон ар бир жагдайды карап чыкты. Мында ат чабышты тасмага тартуучу студиянын программалык камсыздоо системасы иштен чыкканы белгилүү болду. Кубатбек Боронов бир саттай унаа токтотуучу жай, аттар чуркоочу жол жана башка майдандагы ар бир объктини көрүп, майда кемчлииктерди тез арада жоюу тапшырмасын берди.
Биринчи вице-премьер-министр баштаган курам андан ары Кырчын жайлоосуна алып баруучу кошумча жолдун курулушу жүрүп жаткан жерге барды. Өткөн жолку оюнда капчыгайдын кире беришинде унаа тыгындары болуп, көпчүлүк көрүүчүлөр убагында жайлоого жете албай калышкан. Бул ирет андай ыңгайсыздык жаратпоо максатында Кырчынга алып баруучу жол кеңейтилип, Григорий капчыгайы аркылуу баруучу жаңы жол салынууда.
Кырчындын өзүндө 3-оюнда конокторго түзүлгөн шарттар менен таанышты. Бул жылы меймандардын көп келээри күтүлүп жаткандыктан, Кубатбек Боронов көрүүчүлөрдүн орундарын көбөйтүп, негизги сахнаны өзгөртүү тапшырмасын берди. Өзгөчө көңүл ыңгайлуулукка бөлүнүп, кошумча электр мамылары, биоажаатканалар орнотулат.
Оюн зоок программалары быйыл бир топ өзгөчөлөнөт. Кырчында толугу менен көчмөндөрдүн жашоо образы түзүлөт. Келгендерге кызыктуу болушу үчүн шаарчанын ар бир бурчунда спорттук оюндар, концерт уюштурулат жана түрдүү мамлекеттер өздөрүнүн маданий программаларын көрсөтүшөт. Көчмөндөр шаарчасына өлкөнүн бардык облус, райондорунан өкүлдөр өздөрүнүн аймагынын чакан өзгөчөлүгүн көрсөтүшөт. Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен кошумча кеңешмени Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынды. Кыска убакытта ар бир мекеме өзүнө тиешелүү багыты боюнча 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга карата даярдык иштеринин планын даярдашы керек.