Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан алкоголдук ичимдиктер кармалды
Новость KTRK/videograp

Бажы кызматкерлери Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан алкоголдук ичимдиктерди кармады. 

Аталган кызматтан билдиришкендей, токтотулган унаанын ичинен табылган ичимдиктерге Кытай Эл Республикасынын акциздик маркасы чапталбагандыгы аныкталган. 

Атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, жалпы эсеби 0,5 литр өлчөмүндөгү 24 бөтөлкө, 0,250 литр өлчөмүндөгү 200 бөтөлкө алынды. Бул иш боюнча материалдар тергөө үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кароосуна жиберилди.