ММКга карата арыз-даттанууларды караган комиссиянын жаңы курамы шайланды
Новость facebook/tamara_valieva

POST1RIGHT

Маалымат каражаттарына карата арыз-даттанууларды караган комиссиянын жаңы курамы шайланды. Он үч мүчөнүн алтоо журналист, калгандары жарандык коом менен медиа уюмдардын өкүлдөрү болду. 

Айрымдары мурдагы курамда да иш алып барган. Комиссия жарандардын жалпыга маалымдоо каражаттарынын же журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу даттанууларын карап, ага адистик көз караштан баа берет. 

Макала, материалдарда камтылган маалыматтар “Этикалык кодекске” туура келер-келбесин аныктайт. Сөз эркиндигинин абалына жана кесиптик ишмердүүлүккө байланышкан көйгөйлөр талкууланган жыйынга борбор калаадан жана жер-жерлерден келген 100дөй журналисттер, активисттер катышты.