Сапар Исаковго айып тагылды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTМурунку Премьер-министр Сапар Исаковго айып тагылды. Мындай маалыматты УКМК билдирди. 

Маалыматка таянсак, 2018-жылдын 29-майында Бишкек шаарындагы ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында, мурунку Премьер-министр Исаковго айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. 

Исаковго карата ал 2013-жылы Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалап турган учурунда кызмат абалынан пайдаланган деп айтылууда.