Балыкчыда эки жаштагы наристе сабалып, ооруканага жаткырылды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTБалыкчы шаарында эки жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Анын денеси менен башында көгала тактар болгон. Баланын бетинде дагы күйүктөрдүн тагы байкалат. 

Бул тамекинин же кайнак суунун издери экени болжолдонууда. Оорукананын башкы дарыгери бейтап 28-майда түшкөнүн билдирди. 

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, милиция Балыкчы шаарынын мэриясы менен биргеликте иликтөө иштерин баштады. Наристени анын ата-энеси же туугандары сабашы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.