Бишкекте "Биз тамекисиз жашоону тандайбыз!” аттуу флешмоб өттү
Новость www

POST1RIGHT“Биз тамекисиз жашоону тандайбыз!” Ушундай аталыштагы флешмоб Бишкектеги Жеңиш аянтында өтүүдө. 

Анда тамеки жүрөк кан-тамыр ооруларынын негизги себепкери экени айтылып, жарандар же ден соолукту же чылымды өздөрү гана тандай алыша тургандыгы белгиленди. 

Адистердин айтуусунда, тамеки тартуу саламаттыкка зыянын тийгизип, 80 пайыз өлүмдү эртелетет. 

Иш-чарада жогорку окуу жайлардын студенттери тамекинин адам ден соолугуна зыяндуулугун бий менен көрсөтүп беришти.