"Айтматов ааламы" түрмөгүнөн угуңуздар. Уктурууга филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева катышат.
60-70-жылдарда Айтматовдун атагын алыска угузган чыгармалары "Гүлсарат", "Ак кеме", "Саманчынын жолу" сыяктуу повестери болгон. Бул уктурууда "Ак кеме" повести тууралуу сөз болот. "Ак кеме" 1970-жылы орус тилинде "Новый мир" журналына жарык көргөн. Кыргызчага 8 жылдан кийин Ашым Жакыпбековдун которуусунда басылып чыгат. Уктурууну даярдаган Элмира Ажыканова.