С. Жээнбеков Пекиндеги “Элдик каармандар” монументине гүлчамбар койду
Новость Султан Досалиев

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков Пекиндеги “Элдик каармандар” монументине гүлчамбар койду. Өлкө башчы Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн 7-июнда Тяньанмень аянтында болду.  

Анда Жээнбеков Пекиндеги “Элдик каармандар” монументине гүлчамбар коюп, Кытайдын курман болгон каармандарын эскерди. Бул иш-чарада эки мамлекеттин гимни жаңырды.