С. Жээнбеков ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына келди
Новость султан досалиев

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик визитин аяктап, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Пекинден Циндао шаарына келди.

Жыйында Шанхай Кызматташтык Уюмунун мындан аркы өнүгүшү боюнча бир катар чечимдер талкууланып, кабыл алынат. Ошондой эле саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген. 

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.