POST1RIGHTНарын облусундагы Актал-Чат көпүрөсүн оңдоо иши аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Учурда асфальттоо ишинин акыркы баскычы калды.
Эске салсак, Актал-Чат көпүрөсүн оңдоо иши өткөн жылы жайда башталган. Курулуштун жалпы наркы 42 млн 542 миң сомго бааланган. Бирок долбоор аягына чыкпай калган.
Мындан улам кайрадан 54 млн 626 миң сомдук долбоор түзүлүп, трантспорт жана жол министрлиги тарабынан көпүрө бүткөрүлүүдө.