Эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк бул - ынтымак, достук мамилени арттыруу, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоонун негизинде тыгыз кызматташуу. POST1RIGHT
Мына ушундай алака Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда, Президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик сапарында орун алды.
Эки мамлекет ынак коңшулаштык мамилени арттыруудан сырткары экономикалык байланыштарды бекемдөөгө келишишти. Мындан сырткары өлкө башчы Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине катышып, Кыргызстан уюмга төрагалык кылуу милдетин өткөрүп алды.
Кыргызстан менен Кытай эми расмий түрдө стратегиялык өнөктөштөр. Эки тараптуу биргелешкен декларацияга Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпин кол коюшту. Мындан ары эки тараптын ынтымак, достук мамилелери, саясаттан тартып маданиятка чейинки карым-катнаш жаңы жана сапаттуу деңгээлге чыгарылат.